Орусия Кыргызстанга колдоо көрсөтө берет. Бул тууралуу 9-августта Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев билдирди.
- Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла, - деди Медведев.
Орус өкмөтүнүн башчысы Чолпон-Атага Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.
Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды.
Жээнбеков Медведев Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле кылган жакын дос экенин айтты. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин быйыл март айында Кыргызстандагы мамлекеттик сапары ийгиликтүү өтүп, кыргыз-орус кызматташтыгы жандуу динамика менен конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи.
Бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага уюмга кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышууда. (RK)