Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын адвокатка шилтеме кылып айтканына караганда, Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады.
8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында сурак беришкени кабарланган. Жолдубаева мурдагы мамлекет башчынын айрым тарапташтары бүгүн кайра суракка чакырылып жатканын билдирди.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан. (КЕ)