Жээнбеков: Атамбаев эми суракка оор кылмышка шектүү катары чакырылат (видео)

Сооронбай Жээнбеков.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эми суракка кылмышка шектүү катары чакырылат.

Бул тууралуу ушу тапта парламенттин алдында сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков билдирди:

- Кечээкиге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат.

Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарыларын, ыкчам чара көрүлөрүн кошумчалады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков: Бардык саясий күчтөр чогуу бололу

7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка алып кетүү аракети көрүлдү, бирок ишке ашкан жок. Натыйжада анын тарапкерлери менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу чыгып, УКМКнын бир офицери курман болду, андан башка 51 адам ар кандай жараат алды. Арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Атамбаевдин тарапкерлери бар. (RK)