Курман болгон кызматкердин артында төрт баласы калды

Кой-Ташка «Тез жардам» барган учур.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жараатынан улам ооруканада каза болгон атайын бөлүктүн 47 жаштагы кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун артында жубайы жана төрт баласы калды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында учурда ооруканаларда 27 кызматкер дарыланып жатат. Алардын бешөөнө ок тийген. Бир кызматкердин абалы оор. Алты кызматкер дагы эле Кой-Ташта, Атамбаевдин тарапташтарынын барымтасында.

Атайын операция учурунда 40 курал, 15 тапанча, эки миңдей ок-дары тартылып алынган.

Мунун алдында Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов барымтага алынган кызматкерлердин абалы туруктуу экенин, аларды дарыгерлер карап чыкканын билдирген. Ал 8-августка караган түнү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен болгон сүйлөшүүгө ылайык аскерлерди жана алардан алынган куралдарды өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан. (КЕ)