Кой-Таш: Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди

Курсан Асанов жана башка күч кызматкерлери.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов милиция кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылынан чыгып кетерин маалымдады. Ал аймакты курчап турган күч органдары элдин тынчтыгы үчүн ал жерден алынып жатканын, ал эми Атамбаевдин тарапкерлеринин колунда кармалып турган атайын өкүлү алты кызматкер эртең мененки саат тогузга чейин бошотуларын маалымдады.

Асанов бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрү катары сүйлөшүүгө катышкан саясатчылар жана активисттер Равшан Жээнбеков, Темирлан Султанбеков жана Алга Кылычов менен жолуккандан кийин макулдашылганын “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирди.

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Кармоо аракети учурунда күч кызматкерлери менен мурдагы президенттин тарапташтары кагылышып, 45тей адам жаракат алды.

Жаракат алгандардын арасында Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов, Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков жана Мээрбек Мискенбаев да бар.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, таңкы саат 3:00гө карата жаракат алгандар 45 адамга жетти, атайын бөлүктүн бир кызматкерине ок тийип каза болду.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "аскердик ок да колдонулду" деп айтты.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. 27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. (SDz)