Саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу «Азаттыкка» пикирин билдирип, бийлик буга чейин ага карата «лоялдуу» болгонун айтты. Ал Атамбаевди кеч боло электе сот, тергөө менен кызматташууга чакырды:
- Ушунун баарына Атамбаев өзү күнөөлүү. Кылмыш иши козголду, кол тийбестиги алынды. Чакырса барбаса, эмне кылыш керек? Биз мамлекетпизби же жокпу? Жөнөкөй адамдарды көчөдөн алып барып камап коёбуз. Мыйзам барбы же жокпу, бизде? Экс-президент башы менен мыйзамды сыйлабай, каршылык көрсөткөнү туура эмес. Анын нак тарапташтары азыр жанында жүргөндөр эмес, канча жылдан бери бизбиз. Атамбаев күнөөсү жок болсо сотко ачык барып, эл, коомчулук алдында далилдеши керек болчу. Азыр ал баарын токтотуп, тергөө менен кызматташуусу керек.
Бекназаров Атамбаевди камакка албай, үй камагына чыгарууну зарыл экенин белгилеп жатат. Саясатчы бийлик сот адилеттигин камсыз кылып бериши керек деп эсептейт.
Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдады. Партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов төрт адам жабыркаганын, Атамбаевдин үйүнүн короосунда 200дөй адам бар экенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (КЕ)