Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болуп жаткан окуялар боюнча расмий бийлик өкүлдөрү маалымат бере элек.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азаттык» радиосунун кабарчысынын Атамбаевдин үйүнө атайын топтогу күч кызматкерлеринин келиши тууралуу суроосуна «кабарым жок» деп жооп берди.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева учурда эс алууда жүргөнүн айтуу менен чектелди.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов да эс алууда экенин билдирди.
7-августта кечке жуук мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы күч кызматкерлери кирип келишкени белгилүү болду. Аймакта дале куралдын добушу угулуп жатат. Он чакты адам жаракат алганы кабарланууда.
ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.