Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө келишимине байланыштуу парламенттин бир топ эскертүүсү болгон. Бул тууралуу ЖЭБ сотунда күбө катары көрсөтмө берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.
Рыспаевдин айтымында, ал учурда Сапар Исаков «бул маалыматтарды Эсеп палатасы жана башкалар текшерип чыксын, азыр маселе көтөрүү Кытай-Кыргызстан мамилесине доо кетирет” деп айткан.
Депутат 2013-жылы жайкы каникулда жүргөндө андан сурабай туруп ЖЭБди жаңылоо боюнча жумуш тобуна кошуп коюшканын, ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев телефон чалып, дос катары топтун жыйынына катыша берүүнү суранганын билдирди.
Рыспаев мамлекеттик айыптоонун ЖЭБ боюнча президент жана аппарат тараптан басым болгон-болбогону тууралуу суроосуна: «Мага эч ким басым кыла албайт, сураныч болгон» деп жооп берди. Ал Сапар Исаков менен 2012-жылы эмес, 2017-жылы жолукканын кошумчалады. Буга чейин тергөөдө айрым аткаминерлер жүздөгөн миллион доллар алганы тууралуу көрсөтмөсүнөн баш тартты.
ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болууда.
Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.
Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан бери сотто карала баштаган.
ЖЭБди оңдоп-түзөө укугу кытайлык ТВЕА компаниясына тийген. (BkA)