Жалал-Абад: милиция кызматкерине карата иликтөө башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты Нурболот Курбановго карата кызматтык териштирүү башталды. Ага каршы 2-августта Тимурлан Жаликулов аттуу жаран арыз жазып, Курбанов достору менен келип сабап кеткенин айткан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдинбек Жээнтаев окуя боюнча «Азаттыкка» комментарий берди:

- Биздин кызматкердин ошол фактыга канчалык тиешеси бар экенин аныкташ үчүн ички иликтөө кызматы окуяны териштирип жатат. Андан тышкары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ал жакта да териштирүү иштери жүрүүдө.

«Жаликулов күч кызматкери жана анын достору тарабынан токмоктолду» делген видеотасма жарыяланды. Анда Аксынын Кербен шаарындагы май куюучу жайлардын биринин алдында төрт жигит бирөөнү ур-токмокко алып жатканы тартылган. Облустук милиция чыр эмнеден чыкканын иликтеп жатат. (BTo)