Абылгазиев Солтон-Сары боюнча: окуяны саясий нукка бурбаш керек

Солтон-Сары кенине байланыштуу өкмөттө болгон кеңешме. 6-август, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындын Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек экенин айтты. Бул тууралуу ал кендеги кырдаал боюнча өткөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы эгерде инвестор талаптарды жана жарандардын укуктарын буза турган болсо, ага карата чара көрүлөрүн, бирок баары мыйзам чегинде болушу керек экенин белгиледи:

- Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат. Бул окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган айрым адамдардын аракеттери зор күч-аракеттер менен жетишкен иштерибизге бир заматта коркунуч туудурушу мүмкүн. Кайсы бир нерсеге тыюу салууну же кимдир-бирөөнү кууп кетирүүнү талап кылуу менен күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керек. Бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш.

Абылгазиев 2009-жылдан бери мурдагы бийлик тарабынан кабыл алынган кен боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу конструктивдүү диалог аркылуу гана мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошондой эле жакында эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барып жергиликтүүлөр жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жарандар тарабынан тоо-кен компаниясына карата 83 пункттан турган талаптар коюлганын, алар аткарууга милдеттендирилгени айтылат.

5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги кенде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылганын билдирди. Ошондой эле айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат.

Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү учурда чыр чыккан жерде жүрүшөт. Милиция окуяны териштирип жатат. (BTo)