Абылгазиев: чынчыл бажы кызматкерлерин колдош керек

Алтынбек Торутаев, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Алмаз Оңолбеков (солдон оңду карай). 5-август, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Алтынбек Торутаевди мекеменин эмгек жамаатына тааныштырып жатып айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча Абылгазиев жаңы жетекчиге ыйгарым укуктарын аткарыш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берерин билдирип, бажы бекеттерин тартипке салууну тапшырды:

- Маселелер топтолгон жерлерде жигердүү иш жүргүзүү маанилүү. Өлкө экономикасы үчүн өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди колдош керек.

Өкмөт башчы бажы тутумун фискалдаштыруу, бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү керек экенин билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Алмаз Оңолбеков берген арызына байланыштуу 5-августта кызматтан кеткен. Анын ордуна ошол эле күнү Алтынбек Торутаев дайындалган. (BTo)