5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун айылдарынын жашоочулары менен «Jhong ji Mining» компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыккан чыр Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме тараткан маалымат боюнча, 5-августта Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу талабы менен 300гө жакын киши чогулган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен ишкананын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргытып, жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.
Ички иштер министрлиги Солтон-Сары кениндеги абал милициянын көзөмөлүндө экенин, аймактагы туруктуулукту, коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары жүргөнүн кошумчалады.
«Азаттык» радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, 5-августта 500дөй адам чогулган, алар кендин ишин токтотуу талабы менен бүгүн да турушат.
Саламаттык сактоо министрлиги кенде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылганын билдирди. Ошондой эле айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. (BTo)