Мектеп ашпозчулары атайын окуудан өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандагы 500 мектепте окуучуларга ысык тамак берилет. Жаңы окуу жылында дагы 93 мектепте ысык тамак бериле баштайт. Бирок ашпозчулардын 17 пайызында гана тамакты талапка ылайык жасоо боюнча атайын адистик даярдыгы бар. Бул мүчүлүштүктү жоюу үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Билим берүү министрлиги ашпозчуларды азык-түлүк менен иштөөгө үйрөткөн атайын окуудан өткөрдү.