Түштүк Американын футбол конфедерациясы (ТАФК) Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионел Мессини үч айга дисквалификация кылды жана 1500 доллар айыппул салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
6-июлда, Америка Кубогунун алкагында коло байге үчүн Чили менен Аргентинанын курама командалары беттешип жаткан учурда Месси Чилинин курама командасынын коргоочусу Гари Медел менен чырдаша кетип, кызыл айып кагазын алган.
Ага чейин Месси Аргентина жана Бразилия беттешин тейлеген калыстарга сын айтып, Түштүк Американын футбол конфедерациясынын жетекчилерин коррупцияга байланыштуу айыптаган. Нааразылык иретинде ал беттештен соң сыйлоо аземине чыкпай койгон.
Жазага ылайык футболчу Аргентинанын курама командасынын дүйнө чемпионатынын алгачкы тандоо оюнуна катыша албайт.
Түштүк Американын футбол конфедерациясынын тартип комитети жетекчилерге карата айткан сын пикири үчүн футболчуну жоопко тартууну көздөп жатканын эл аралык басылмалар жазышууда. Спорт серепчилеринин баамында, эгер ТАФК футболчуну жазалай турган болсо, ал Аргентинанын курама командасынын катарынан эки жылга дисквалификацияланат.
Лионел Месси өз карьерасында эки ирет гана кызыл айып кагазын алган. Биринчиси - 2005-жылы Европа Супер кубогуда Венгрия менен Аргентинанын курама командаларынын беттешинде болсо, экинчиси быйыл июль айында өткөн Америка Кубогунда Чили менен Аргентина беттешинде оюндан четтетилген. (GT)