Орусия: НТВ митинг уюштуруучуларды коркуткан катты жарыялады

НТВ телеканалы жарыялаган кат.

Орусияда НТВ телеканалы өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин демилгелүү тобу деп атагандардын «Москвадагы калайман башаламандыктын уюштуруучуларына» жазган катын жарыялады. Анда «силер чет өлкөлөрдөн алган акчаны акташ үчүн Орусиядагы кырдаалды курчуткуңар келип жатканын көрүп турабыз. Саясий кырдаалды олку-солку кылып, анын негизинде бийликке олигархтардын кайра келишине жардам берип жатасыңар. Биз буга жол бербейбиз» деп жазылган.

Катта ошондой эле опузалап-коркуткан, сөгүнгөн жана орой сөздөр болгон.

Мунун алдында Тергөө комитети 30 жаштагы Владислав Синица аттуу жаранга кылмыш иши козголгонун, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдарын жазалоого чакырганын билдирген.

Москвада 3-августта шаардык думага шайлоого катталбай калган өз алдынча жана оппозициячыл талапкерлерди колдогон нааразылык акциясы өткөн. Полиция чогулгандарды кууп тараткан жана жүздөгөн адамдар кармалган.

Бир апта мурун ушундай эле нааразылык акциясында миңден ашуун адам кармалган. Бир канча кылмыш иши козголуп, ондогон адамга камакка алуу тууралуу административдик жаза чегерилген. Кылмыш ишинин алкагында бир топ киши камалган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлиги оюн эркин билдирип, тынч жыйынга чогулгандарга аёосуз күч колдонгонун айыптап чыгышкан.