Каирдеги жол кырсыгында жана жарылууда 17 адам өлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Египеттин баш калаасы Каирдеги жол кырсыгында жана андан кийинки жарылууда бери дегенде 17 адам өлүп, 32 киши жараат алды. «Аль-Арабия» телеканалы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, окуя 5-августта Онкология институтунун жанында болду.

Маалыматтарга караганда, бир канча автоунаа кагышып, жарылган. Анын себеби айтыла элек. Онкология институтунун имаратына да зыян тийип, дарыгерлер менен бейтаптар эвакуацияланды.

Египеттин бийлиги кырсыктын чоо-жайын такташ үчүн ыкчам иликтөө тобуна чукул тапшырма берди.