4-августта Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градуска чейин ысыйт.
Бишкекте 4-5-августтарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секунданы түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 35…37 градус жылуу болот.