Кыргызстандын бардык аймактарында ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык уюму демилгелеген эне сүтүнүн баалуулугун жайылткан “Бала эмизүү” жумалыгы башталды.
Анын алкагында болочок энелерге жана бала эмизип жаткандарга наристени алты айга чейин жалаң эне сүтү менен багуунун пайдасы түшүндүрүлөт. Иш-чара 7-августка чейин өтөт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эне сүтү баланын дени сак чоңоюшуна, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө болчу биринчи вакцина. Эмчек эмген бала баштапкы эки жылында эне сүтүн ичпеген ымыркайга салыштырмалуу ар кандай оорулардан оолак болот.
Бирок мультикласстардык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, 2018-жылы Кыргызстанда 6 айга чейинки балдардын 46% гана эне сүтү менен чоңойот экен. Ал эми эки жашка чейинки балдардын 22 пайызы гана эмчек эмет.
Кыргызстандагы ымыркайлардын алты айга чейин эне сүтү менен азыктануусун толук кандуу ишке ашыруу багытында 2008-жылы мыйзам чыккан. Бирок адистер мунун толук иштебей жатканын, ага бир канча факторлор себеп экенин белгилеп келишет. (КЕ)