Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары экинчи жолу суракка чакырылды. Бул жолу атайын кызмат аны оозеки чакырган.
Тарасенко бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Дизайнер 1-августа ага курска жазылууну шылтоолоп жана жашаган дарегин сурап, белгисиз адамдар чалганын айтууда. Кийин алардын УКМК кызматкерлери экени белгилүү болгон.
"Мен жазуу түрүндө чакыруу алган жокмун. Оозеки сүйлөштүк. Менимче бүгүн барам. Эмнеге чакырып жатканын билүүгө аракет кылдым, бирок алар “барганда билесиң” деп жооп беришти".
Тарасенко буга чейин "Фейсбук" баракчасына жазган тамашасы үчүн чакырылып жатышы мүмкүн экенин божомолдогон.
УКМК 24.kg агенттигине Никита Тарасенко диний аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча күбө катары суракка чакырылып жатканын билдирген. Бирок атайын кызмат кайсы пост айыптоого себеп болгонун айткан эмес.
Никита Тарасенко 24-июлда "Фейсбуктагы" баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы, депутат Асылбек Жээнбеков, бир тууган Матраимовдорго окшош кишилердин сүрөтүн чыгарып, “Ошская ОПГ” деген пост жазган.
2018-жылы сентябрь айында президенттин маалымат кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, ошол мемдерди Интернетке жайгаштырганы үчүн Никита Тарасенко Башкы прокуратурага чакырылган.
Бирок президенттин аппараты Сооронбай Жээнбековдун эч кандай доосу жок экенин, өлкө башчы аларды көрүп өзү да күлгөнүн айтып, билдирүү тараткан. (КЕ)