Сенат комитети “Түндүк агым-2” долбооруна санкция салууну колдоду

“Түндүк агым-2” газ куурунун курулушу. Май, 2018-жыл.

АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитети “Түндүк агым-2” долбооруна санкция салуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги жазды. Документ комитеттин сайтына азырынча чыга элек.

Чектөө чаралары Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Германияга салынып жаткан газ куурунун курулушуна катышып жаткан жеке тараптарга жана компанияларга тиешелүү болот. Документти Сенат жана Өкүлдөр палатасы карагандан кийин ал президент Дональд Трамптын кол коюусуна жөнөтүлөт. Вашингтон “Түндүк агым- 2” долбооруна байланыштуу санкция салууну көздөп жатканын Дональд Трамп июнда Польшадагы сапарында айткан. Ал Германиянын газ куурунун курулушу боюнча Орусия менен кызматташып жатканы үчүн сындаган.

Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Германияга салынып жаткан газ куурунун курулушуна чыгыш европалык мамлекеттер да каршы болуп жатышат. Ал эми Брюссел бул долбоор Евробиримдиктин орусиялык көгүлтүр отунга көз карандылыгын күчөтүп, ички рынокко коркунуч жаратат жана шаркеттин энергетикалык саясатына доо кетирет деп эсептейт.

“Түндүк агым-2” долбоору 2020-жылы ишке кириши керек. Бул газ кууру аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат.