№5 автобус элдин өтүнүчүнөн кийин кайра каттай баштады

Бишкектин четиндеги Көлмө конушуна эл ташыган №5 автобустар 1-августта каттамга чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна «Шыдыр Жол KG» компаниясынын автобазасынын директору Нургазы Шарабидинов билдирди.

Бирок, анын белгилешинче, айдоочулар мэрия менен бир пикирге толук келе элек.

- Автобуска пандус орнотууну талап кылып жатышат. Биз “Анда силер да сатып алган 60 автобусуңарга пандус койгула, эмне үчүн бизден эле талап кылып жатасыңар” деп айттык.

25-июлда Бишкек мэриясы №5 каттамды ишке ашырган “Шыдыр Жол KG” компаниясынын келишимин токтоткон. Калаа администрациясы мунун себебин фирма бир катар талаптарды аткарбаганы менен түшүндүргөн.

Көлмө конушунун 50дөй тургуну 26-июлда нааразылык акциясына чыгып, каттамды калтырууну талап кылышкан. Алар кичи автобуска караганда чоң транспорт ыңгайлуу экенин айтып, калаа жетекчилигин каттамды ишке ашырып жаткан фирма менен келишимге келүүгө чакырышкан. (ErN)