Жээнбеков: Аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүлүүдө

Сооронбай Жээнбеков.

Аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Чүйдүн Панфилов районунда эл менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчысы ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, жеңилдетилген насыялоо боюнча иштерге токтолду.

«Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартууда активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кыргызстан менен иш алып барууга даяр» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Дүйнөлүк Банктын Doing Business соңку рейтинги боюнча Кыргызстан 70-орунда экени айтылган. Аймактагы башка мамлекеттерге салыштырсак, Казакстан рейтингде 30 менен 40тын ортосунда келе жатат. Өзбекстанда жаңы бийликтин келиши менен чоң өзгөрүүлөр болууда. (RK)