Экология мекемесинин башчысы ишке чыккан жок, анын жумуш ордунда УКМКнын эскертүүсү турат

Рустамовдун иш бөлмөсүнүн эшигине тагылган жазуу.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун иш бөлмөсү жабык турат.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы мекеменин өзүнө барганда бөлмөнүн эшигине “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын уруксатысыз ачууга тыюу салынат” деген жазууну көрдү. УКМКнын мөөрү басылган кагазда 2019-жылдын 31-июлу деп жазылып турат.

Коопсуздук комитети (УКМК) азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ага чейин интернеттеги социалдык түйүндөрдө Рустамовду атайын кызматка суракка алып кетишкени тууралуу кабар тараган.

Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол коюп, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн бир катар жетекчиге, анын ичинде Рустамовго эскертүү берген.

Ал жетектеген мекеменин ишмердүүлүгүн Коопсуздук кеңешинин жумуш тобу да иликтеп чыгып, бир катар сын айтылган.

29-июлда Эсеп палатасынын инспектору бул агенттиктеги финансылык тартип бузууларды жашырган деген шек менен УКМКга камалган.

Рустамовдун өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. (BTo)