Орусиянын Тергөө комитети Москва шаарында ишемби күнкү нааразылык акциясына байланыштуу "калайман башаламандык, аны уюштуруу жана катышууга чакыруу" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул 27-июлдагы митингден кийин козголгон төртүнчү кылмыш иши болуп калды.
Мекеменин сайтында "Тергөөдө айрым адамдардан турган топ калайман башаламандык болуп кетерин билип туруп мыйзамсыз митингге катышууга чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жайгаштырганы аныкталды" деп жазылат.
Мунун алдында Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 27-июлдагы нааразылык акциясын "калайман башаламандык" деп сыпаттаган жана бийликтин уруксаты жок өткөнүн белгилеген.
Москвада 28-июлда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерди колдоп жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция 1373 адамды кармап кеткен. Кууп таратуу маалында 70тен ашык адам жараат алган.