Экотуризмди өнүктүрүү максатын көздөгөн фестиваль

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл облусунун Тосор айылында “Алтын кум-2019” фестивалы өттү. Ысык-Көлдүн тескей жээгинде экотуризмди өнүктүрүүгө, туристтерди тейлөө маданиятын жакшыртууга, жергиликтүү калктын социалдык абалын оңдоого көмөк көрсөтүүнү көздөгөн бул фестиваль Тосор айылында үчүнчү жолу өтүп жатат.