Ноокатта автомашинанын ээсин коркутуп тартып алууга шектүү эки адам кармалды. Окуя 28-июлда болгонун "Азаттык" радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Кылмышка шектүүлөр “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаанын ээсин коркутуп, машинасын тартып алганы тууралуу кабар келип түшкөн. Алар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургунун Кызыл-Кыядан Ноокат районунун Бел айылына жеткирип коюу үчүн жалдашкан. Бел айылына жеткенде айдоочуну бычак менен коркутуп, автоунаанын документтерин сурашкан. Айдоочу окуя болгон жерден машинасын таштап качып кеткен.
Факт Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми кылмышка шектүүлөр Ноокат милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.(MdN)