Максат Кунакунов: Акталганга аракет кылам

Максат Кунакунов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ленин райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда абактан шарттуу бошотулган Максат Кунакунов толугу менен акталганга аракет кыла турганын айтты. Бул тууралуу экс-депутат “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал бир кишинин жашыруун көрсөтмөсүнүн негизинде соттолгонун, ал кийин соттук отурумга да алып келинбегенин билдирди.

"Азыр шарттуу түрдө чыгарды. Ачыгын айтканда эки жыл мурда чыгарыш керек болчу. Мени көпкө чейин кыйнап, ар нерсени ойлоп таап кармап турушту. Иш Жогорку сотко кетти, акталганга болгон күчүмдү жумшайм. Эмнеге мага ошондой чоң беренелер менен күнөө коюлганын элге ачык көрсөтсө жакшы болот. Азыр адвокаттар иштеп жатат".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен 12-июлда мөөнөтүнөн мурда шарттуу абактан бошотулган. Жаза аткаруу кызматы Кунакуновдун иши быйыл январда күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы мыйзамдардын негизинде каралганын билдирген.

Экс-депутат 2015-жылы жай айында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактаган" деген айыптар менен камакка алынган. Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал ошол кезде өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай, УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирип келген. Атайын кызмат бул билдирүүнү четке каккан. (КЕ)