Сапар Исаковдун тарапкерлери бийликке талап коюшту

Сапар Исаковду коргоо штабы.

Нарындын Кочкор районунда камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун тарапкерлери митинг өткөрүштү. Алар Сапар Исаковду саясий туткун деп, эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын билдирүүсүндө кочкорлуктардын 70% ашууну 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбеков – Исаков тандеми үчүн добуш беришкени белгиленген. Мындан сырткары Сапар Исаков баш болгон мурдагы чиновниктер бир жылдан ашуун убактан бери абакта мыйзамсыз отурганы айтылат.

Митингдин соңунда бийликке, президент Сооронбай Жээнбековго бир нече талап койгон резолюция кабыл алынды. Алардын катарында Сапар Исаковго саясий куугунтукту токтотуу, сотко жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтпөө талабы бар. Митингдин катышуучулары сотторго кайрылып, Исаков менен чогуу отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылышты.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (КE)