Ноокенде спикер Жумабековго жолуга албай калгандар нааразы болууда

Дастанбек Жумабеков Ноокенде. 29.07.2019

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун Ноокенде эл менен жолугушуусуна айрым каалоочулар кире албай калганын айтып 29-июлда “Азаттыкка” Сакалды айылынын тургуну, “Алаш-Ата” лагеринин директору Акрам Сакиев кайрылды.

Ал райондук администрациянын жыйындар залында өткөн жолугушууга Бүргөндү, Масы айылдарынан келген дагы 5-6 адам киргизилбегенин айтты.

“Паспортубузду көрсөтсөк күзөтчүлөр тизмеде жок экенсиңер деп сыртка чыгарып салды. Мен Тоскол-Ата айылындагы жолдун акыбалы боюнча Жумабековго кайрылуу үчүн келдим. Парламент спикери эл менен жолугууну каалагандан кийин баарына тегиз болушу керек” деди Сакиев.

Ноокен. Спикер менен жолугушуу. 29.07.2019

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Канат Шеров тизме боюнча маалыматы жоктугун жана аны түзүүгө аралашпаганын айтты.

Жумабековдун маалымат катчысы Элвира Темир эл менен жолугушуу үчүн алдын ала тизме түзүүгө спикердин тиешеси жоктугун жана андай болушу да мүмкүн эместигин билдирди. "Биз ал жакка ар бир каалоочунун үнүн угалы деп барганбыз" деди Элвира Темир.

Бүгүн 29-июлда төрага Жумабеков Ноокенде 200дөн ашуун адам катышкан жолугушуу өткөрдү. Ага чейин Майлуу-Суу шаарындагы электр лампа заводунун абалын көрүп, шаардыктар менен жолугушкан. Спикерди бир топ депутат жана өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

30-июлда спикер Ошко барат. (RsK)