Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Атабек Умаров жетектеген Триатлон федерациясына мурдагы президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага таандык резиденция бекер берилет.
Бул тууралуу аталган федерацияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорунда жазылды. Ага ылайык, резиденция спортчуларды машыктырган борборго айланат. Өкмөт ал үчүн 1,7 миллион доллар бөлөт.
Резиденция Ташкент облусунун Бостанлык районундагы "Сижжак" эс алуу зонасында жайгашкан. Гүлнара Каримовага кылмыш иши козголгондо, анын камакка алынган мүлктөрүнүн арасында резиденция да болгон.
Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Атабек Умаров президенттин күзөт кызматынын башчысынын орун басары болуп да иштейт. Ал бул кызматка ушул жылдын март айында дайындалган.
Өткөн аптада Атабек Умаров "Инстаграмдагы" баракчасына Ташкенттин көчөлөрүндө "Тесла" үлгүсүндөгү автоунаасы менен жарышка чыкканы тууралуу видео жарыялаган. Анда машинедеги ылдамдыкты мыйзамдагы чектен үч эсе көбөйтүп, саатына 201 километрге чыгарган.
Мындан көп өтпөй Умаров Ташкент шаардык жол коопсуздук кызматы аны административдик жазага тартканын билдирген, "Инстаграмдагы" баракчасына айып пул төлөгөнүн бышыктаган эсеп-дүмүрчөктүн сүрөтүн жарыялаган.