Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин «кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек» деген билдирүүсүнө комментарий берди.
«Урматтуу Владимир Путин же Трамп «биригиши керек» деп айтабы анын өзүнүн мезгили бар. Мен Владимир Путинге ошол мезгил өтүп кетти деп айттым. Бирок Сооронбай Жээнбеков аракет кылып көрсүн дедим. Элди бириктирүү, элдин биримдигин сактоо ишин биринчи күндөн башташ керек болчу», - деди Атамбаев.
Ал баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү бүгүн Орусиядан учуп келди. Мурдагы президентти Канттагы авиабазанын алдынан бир нече тарапташтары тосуп алышты. Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, аны Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага бир нече жолу чакырганын жана атайын учак да жибергенин айтты.
Атамбаев менен Путин шаршембиде Москвада жолукту. Андан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстан буга чейин эки жолу олуттуу саясий толкунду башынан өткөргөнүн, өлкөгө саясий туруктуулук керек экенин билдирген.
Атамбаев Моквага 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кеткен. (BTo)