Мирзиёев менен Бердымухамедов телефондон сүйлөштү

Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухамедов

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 24-июлда телефон менен сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Анда Бердымухамедов Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктаганы, Өзбекстандын көп улуттуу элине бейпилдик, бакубаттык каалаганы айтылат.

"Эки өлкөнүн башчылары боордош мамлекеттердин алака-катышы барган сайын чыңдалып жатканын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле эл аралык жана аймактык саясаттагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Өзбекстандын президенти Түркмөнстандын президентине эмки айда өтө турган Каспий экономикалык биринчи форумун ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады", деп жазылат расмий сайтта.

Түркмөнстандагы мамлекеттик маалымат каражаттар да эки өлкөнүн президенттери телефондон сүйлөшкөнү тууралуу жазды.

Ушул жуманын башында Гурбангулы Бердымухамедов мезгилсиз ажал тапканы тууралуу кабар тараган. Түркмөнстандык дипломаттар анын өлгөнү тууралуу кабарды жокко чыгарышкан.

Бердымухамедов 15 күндөй мурун эмгек өргүүсүнө чыкканы кабарлаган, ошондон бери коомчулукка чыга элек.

Ал Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарат жана адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту айран таң калтырып келет.