Муканбетов: Салык жыйноо 3,5 миллиард сомго кыскарды

Санжар Муканбетов.

Экономика министри Санжар Муканбетов өкмөттүн 24-июлдагы жыйынында Кыргызстанда салык жыйноо 3,5 миллиард сомго кыскарганын билдирди.

Ал муну көмүскө экономикадагы салыктык жоготуулар менен байланыштырды. Муканбетов «эксперттердин ар кандай баалоолору боюнча көмүскө экономиканын көлөмү 30 пайыздан ашык» деди.

«Муну менен катар 1998-жылдан бери колдонулуп келаткан патент системасын да айта кетүү керек. Ал Эл аралык Валюта фондунун сунуштары боюнча салык алынуучу базанын өлчөмүн камтууну аныктоо үчүн гана кыска мөөнөткө ишке киргизилген. Бул система бүгүнкү күндө салыктык жоготуулардын негизги себептеринин бири болуп калды. Азыр патенттин негизинде өлкө экономикасынын 3,2 пайыздан ашыгы, анын ичинде ири кафе, ресторандар жана соода борборлору иштейт. Мындай абалдан чыгуу үчүн салыктарды төлөөнүн патенттик системасын акырындык менен азайтууну сунуштайм».

Салык төлөөдө патент системасын кыскартууну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да колдоду. Өкмөт башчы бул салык чогултууда ишкерлерди бир тартипке салуу үчүн убактылуу киргизилген система болгонун, эми андан кетүү керектигин айтты.

22-июлда Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы алмашып, Кабыл Абдалиев аталган мекемеге жаңы жетекчи болуп дайындалган. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков салык жыйноо боюнча иш чабал жүрүп жатканын айтып, сынга алган. (BTo/YI)