Прокурордун өлүмү: Мамажакыповдун атасы сотко кайрылды

23-июлда Ош шаардык соту Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону улантты. Отурумда прокурор, маркум Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов сот иштери создугуп жатканына нааразы болуп, судья Жолборс Кудаяровго кайрылды.

Бизди өтө кыйнап жатасыз. Ишти тездетсеңер болмок. Анда муну (айыпталуучуну - ред.) биротоло куткарып жибергиле. Эми күнөөсү бар үчүн камалып отурат. Ошон үчүн катуурак тартип менен тездетип өткөрсөңүз. Кыйнап жибердиңер”.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (TSh)