Атамбаев Орусияга түшкө чейин учуп кетээрин айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 23-июлда Чүйдүн Кой-Таш айылында тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга 24-июлда түшкө чейин учуп кетээрин маалымдады. Бирок журналисттердин “кайсы аэропорттон учуп кетесиз” деген суроосуна, “узатууну каалагандар саат тогузга Кой-Таштагы үйүмө келгиле” деп жооп берди. Атамбаев кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп, топтолуп турушат.