Укук коргоочулар: Казакстанда цензура күчөшү мүмкүн

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) казакстандык уюлдук байланыш операторлору жарандарга орнотуп алууну сунуштап жаткан “коопсуздук сертификатынан” кийин цензура күчөшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Уюмдун директору Кортни Радш: “Бийликтин “коопсуздук чарасы” цензураны күчөтүп, жарандарды аңдуу мүмкүнчүлүгүн арттырат сыяктуу. Казакстан бийлигинин журналисттерди түрмөгө камап, цензура колдонууда көп жылдык тажрыйбасы бар. Ошондуктан жарандарды “кооптуу контенттен” сактоо аракетин күмөндүү кабыл алуу керек”, – деди.

Казак бийлиги “коопсуздук сертификатын” орнотуу колдонуучулардын маалымат коопсуздугун камсыздай турганын белгилөөдө. Жергиликтүү провайдерлер интернет-ресурстарга кирүүдө кыйынчылык болбош үчүн сертификатты жүктөп алууга кеңеш беришүүдө.

Айрым IT адистери Казакстандын атайын кызматтары “коопсуздук сертификаты” аркылуу жарандардын жеке маалыматтарын, кат-кабарларын, сыр сөздөрүн, кандай сайттарга кире турганын көзөмөлдөшү ыктымал деп кооптонушууда. Сертификатты жүктөө ыктыярдуу, бирок андан баш тарткандар Интернетке кирүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышууда.