Кыргызстанда келгин куштардын саны көбөйүүдө

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, өлкөгө сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын төрт жүзгө жакын түрү учуп келгени байкалууда.

Учурда аталган агенттик сейрек куштарга кам көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Учурда Кыргызстанда 400дөн ашуун жапайы жана сейрек кездешкен куштардын 57си Кызыл китепке киргизилген.

2018-жылы да Кыргызстандын аймагына учуп келген куштардын түрлөрү көбөйүп жатканы маалымдалган. Анда Соң-Көлдүн, Чатыр-Көлдүн жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында коюлган фототузактардан алынган маалыматтар менен ушундай жыйынтыкка келишкен.

Окумуштуулардын эсебинде, Ысык-Көлдүн биосфералык коругунда эле бир нече кара кунас, 20 фламинго, 700 турна, 991 ак куу катталды. Ошондой эле жапайы өрдөк-каздар, карабаш шакылдак, куу кумпай (шахин), ителги жана бүркүттөр да бар. (TSh)