Ал 23-июлдагы консерваторлордун шайлоосунда саясий атаандашы, Британиянын тышкы иштер министри Жереми Ханттан дээрлик эки эсе көп добуш алды.
Эми Борис Жонсон Британиянын премьер-министри кызматын да аткарат. Ал расмий кызматка 24-июлда тарта киришет.
Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте "Брекзит" келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен, бирок кийинкиси келгенге чейин өзүнө тагылган милдетти аткарып турган.
Британия Европа Биримдигинен чыгуу үчүн мындан үч жыл мурун "Брекзит" жараянын баштаган, бирок бүгүнкү күнгө чейин Брюссель менен орток пикир таппай келет.