Чек арадагы чыр боюнча кылмыш иши козголду

Баткен. 23-июль, 2019.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы 22-июлдагы чыр боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Учурда чыр чыккан аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чыгып кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенде жүрөт.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Мында Тажикстандын бир жараны каза болуп, эки тараптан тең бир нече киши жабыркаган.

Учурда Исфара – Ворух жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Расмий маалымат боюнча кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган. (КЕ/JsA)