Иран: британиялык кемедеги 23 кишинин баары эсен-соо

Мунай ташуучу танкердин үстүнө сүдүрүлүп түшүп жаткан жоокерлер.

21-июлда Иран билдирүү таратып, 19-июлда кармалган Британиянын "Stena Impero" кемесинин экипажынын баардык 23 мүчөсүнүн ден соолугу жакшы экенини билдирди. Лондон мунай ташуучу танкердин кармалышын айыптап, ал Омандын айланасында мыйзамды бузбай сүзүп жүргөнүн айтып чыккан.

Лондон Ирандын кылыгын “кастык аракет” катары сыпаттап, Тегерандын түшүндүрмөсүн четке какты.

Ирандын Ислам Революциосынын сакчылары корпусу 20-июлда видео жарыялаган. Анда мунай ташуучу танкерди бир нече ылдам жүрүүчү кемелер курчап, анын үстүнө вертолеттон бет капчан кишилер жип менен сыдырылып түшүп жатканын көрүүгө болот.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф британиялык кесиптеши Жереми Хант менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда “эл аралык мыйзамды бузду” делген танкер мыйзам талап кылган жараяндардан өткөн соң гана коё берилерин айткан.

Ирандын Ормуз кысыгындагы акыркы аракеттери Тегеран менен Батыштын мамилесинин кескин начарлашына алып келген. Дүйнөдөгү өндүрүлгөн мунайдын бештен бири Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.