Мирзиёевдин жол эрежесин бузган күйөө баласы айыппул төлөдү

Атабек Умаров (оңдон экинчи) Шавкат Мирзиёевдин кенже кызы Шахноза Мирзиёеванын (оңдон биринчи) өмүрлүк жолдошу.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаровду 19-июлда Ташкент шаардык жол коопсуздук кызматы административдик жазага тартты. Бул тууралуу Умаров өзү "Инстаграм" барагына жазып, айыппул төлөгөнүн далилдеген эсеп-дүмүрчөктүн сүрөтүн жарыялады.

Умаровду айыпка тартуу жөнүндөгү чечимде ал "Тесла" үлгүсүндөгү автоунааны башкарууда эрежени бузуп, ылдамдыкты саатына 40 километрден ашырып айдаганы жазылган.

Административдик жаза кодексине ылайык, мамлекет башчынын күйөө баласы эң аз айлык акынын тогуз эсе өлчөмүндө 1 824 570 сум (200 доллардан бир аз көп) айыппул төктү.

Атабек Умаров өзүнүн бул катасын коомго көрсөткөн журналисттерге да ыраазычылык билдирди.

18-июль күнү "Азаттыктын" өзбек кызматы президенттин кенже күйөө баласы, Коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орунбасары Атабек Умаровдун Ташкенттин көчөлөрүндөгү автожарышка катышканы тартылган видеону жарыялаган.

Умаров өзү да "Инстаграмда" түз көрсөткөн видеодогу маалыматка караганда, ал ылдамдыкты мыйзамдагы чектен үч эсе көбөйтүп, саатына 201 километрге чыгарган.

Бирок Умаровдун бул жоругу жөнүндө Өзбекстандагы жергиликтүү маалымат каражаттары үн каткан жок.