Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыппулдардын айрым түрлөрү өзгөртүлөт.
Бул маселе вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында каралды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылган участоктордон башка жерлерде жол кырсыктарынын санынын өскөнү байкалган.
Комиссия мүчөлөрү Бузуулар жөнүндө кодексинин 1231-беренесинде каралган, 1000 сомго чейинки бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айыппулдардын өлчөмүн азайтуу сунушуна макул болушту.
Ал эми мас абалында машина айдагандардын айыппулу ошол бойдон, 17,5 миң сом өлчөмүндө калат.
Маалыматка караганда, айыппулдун бул түрү киргенден бери мас абалында жол кырсыктарына учурагандардын саны жарым жылда үч эсеге кыскарып, 2 миң 211 фактыны түзгөн. Былтыр ушул мезгилде ичимдик ичкенден кийин машина айдаган 5 911 учур катталган.
Жыйында республиканын автоунаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу зарылдыгы да козголду.
1-январдан тартып Кыргызстанда жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана "Мунапыс жөнүндө" жаңы мыйзамдар иштей баштаган.
Буга чейин жол эрежесин бузгандарга карата салынып жаткан айыппулдун өлчөмү өтө жогору деген негизде акция да өткөн. (КЕ)