Дарья Маслова Беларустагы жарышта алтын байге алды

Дарья Маслова.

Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустун Брест шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Белорустун Ачык кубогунун биринчи мелдеш күнүндө үч медал тагынышты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, биринчи жарыш күнүнө кыргызстандык төрт спортчу стартка чыкты.

Дарья Маслова 5000 метрге чуркап 15:55.59 секунд көрсөткүчү менен 1-орунду ээледи. Ушундай эле аралыкка эркектер арасында чуркаган Нурсултан Кеңешбеков коло медал тагынды (14:23.50 секунд). Үчүнчү байгени Кыргызстандын эсебине Мусулман Жоламанов алып келди. Ал 1500 метрге чуркоодо 3:49.53 секунд көрсөткүчтү камсыздап, күмүш байге алды. Мелдешке барган дагы бир кыргызстандык Данияр Арыпеков дисквалификация болгон.

Мелдеш 21-июлга чейин уланат. Кыргыз спортчулары бул аралыкка чейин дагы байге үчүн ат салышуусун улантат. Спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан 519 миң сом бөлүнгөн. (ECh)