Санкт-Петербургда табылган сөөк кыргызстандык жарандыкы болуп чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 6-июлда табылган өлүк кыргызстандык жарандыкы болуп чыкты. Ал Жалал-Абад облусундагы Каракөл шаарынын 34 жаштагы тургуну экенин, туугандары аны тааныганын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Маркумдун сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

17-июлдагы расмий маалыматка ылайык, маркумдун тек-жайы он күн аралыгында аныкталды, бирок өлүмдүн себеби такталып бүтө элек.

Полиция өлүктү «Модуль» соода борборунун токтотмосундагы «Hyundai Elantra» үлгүсүндөгү машинеден тапкан. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес.