Эрдоган: Орусиядан С-400 комплексин ташып келүү эмдиги жылы толук аяктайт

Орусияга караштуу учак С-400 системасы Анкарага жеткирилди. 12-июль, 2019-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиядан С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекс толугу менен 2020-жылы жазында ташылып бүтөрүн билдирди.

Стамбулда 15-июлда түрк президенти мындан үч жыл мурдагы кандуу окуяларды эскерүү учурунда комплекстин бир бөлүгүн сегиз учак алып келгенин, жакынкы күндөрү дагы жүк келерин жарыялады:

"Кудайдын колдоосу менен комплекс толугу менен апрель айында орнотулуп калат",- деди Эрдогон.

Мунун алдында Түркия Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алганы үчүн АКШ ага каршы санкция киргизгени жатканы маалым болгон. Ага ылайык, президент Дональд Трамптын кеңешчилер тобу санкциялардын пакетин даярдады. Азырынча кандай чаралар камтылганы белгисиз.

Түркия 2017-жылы Орусиянын С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасын сатып алуу үчүн келишим түзгөн. 12-июлда түрк мындай системасынын алгачкы бөлүгү өз аймагына келгенин кабарлаган.

Келишим Вашингтон менен Анкаранын мамилесин чыңалткан негизги маселелердин бирине айланган.

Кошмо Штаттар буга чейин НАТОдогу өнөктөшү Түркияны С-400 боюнча келишимден 31-июлга чейин баш тартууга чакырып келген. Андай болбосо Анкарага F-35 кыргын салуучу учактарын сатпай коёрун эскерткен.