Кенекеев: ката аттестаттардан мамлекет зыян тарткан жок

Катасы менен кеткен аттестат. «н» тамгасынын ордуна «ң» жазылып калган. 2019-жыл.

Ката менен чыккан аттестаттардан мамлекеттин бюджети эч кандай зыян тарткан жок. Бул тууралуу «Учкун» басмаканасынын жетекчиси Даир Кенекеев билдирди.

- Ката жазылган 24 аттестаттын баасын техникалык ката кетиргени үчүн бөлүм башчы 690 сомду өз чөнтөгүнөн төлөп берди. Мамлекет эч кандай зыян тарткан жок. Ал эми «н» тамгасы боюнча бүгүнкү күндө бир да ата-эне, мугалимдер «н» тамгасынан ката кетти деп бизге кайрыла элек. Эгер кайрылуу түшсө биз алмаштырып беребиз, - деди Кенекеев.

Анын маалыматына караганда, Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына «окончила среднюю реднюю школу» деп ката менен берилген 24 аттестат кайра жасалып берилди. Бул ката үчүн «Учкундун» бир кызматкери иштен алынган.

Ал эми аттестаттын тиркемесиндеги «жөнүндөгү» деген сөздөгү «н» тамгасын «ң» тамгасына алмаштырып салганы үчүн дагы үч кызматкер жумуштан кеткен.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарынын ката басылып чыкканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдалды. Аны «Учкун» ачык акционердик коому басты. (BTo)