Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Касым-Жомарт Токаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу казак премьер-министри Аскар Мамин 12-июлда Бишкекте өтүп жаткан өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 28-29-майда Казакстандагы иш сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен да эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Евразиялык Экономикалык Биримдигинин алкагындагы актуалдуу маселелерин талкуулаган. Анда Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Казак премьер-министри кыргызстанга расмий сапар менен бүгүн, 12-июлда келген. (КЕ)