Экономика министрлиги Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык каржы корпорациясы менен биргеликте Кыргызстандын инветициялык саясатын жана инвестордун укугун коргоо маселесин талкуулайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
16-июлда өтө турган жыйынга Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык менеджери Кассандра Колберт, эл аралык эксперт Родриго Поланко катышат. Анда инвестордун укугун өлкөнүн ичинде жана өлкөдөн сырткары аймакта кантип коргоо керектиги боюнча документтерди иштеп чыгуу маселеси талкууланат.
7-июлда Бишкекте өткөн “Европа Биримдиги - Борбор Азия” тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда быйыл 17-июнда кабыл алган Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын жаңы стратегиясына өзгөчө көңүл бурулган. Алар - аймактагы коопсуздук, социалдык экономикалык абалды жакшыртууга арналган туруктуулук үчүн өнөктөштүк жана Борбор Азиядагы ачык инвестициялык климатты түзүү, реформаларды камтыган өнүгүү үчүн өнөктөштүк деп аталат. (КЕ)