Атамбаевдин өкүлү ИИМге кайрадан кат жазды

Сергей Слесарев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев 11-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрадан кат жиберди. Анда Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын түшүндүргөн. Ал Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат. Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапкерлери билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматы 8-июлдан бери Алмазбек Атамбаевди эки жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал экөөндө тең баруудан баш тарткан.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтөөдө.

Атамбаев кол тийбестиктен Жогорку Кеңештин 27-июндагы чечими менен ажыраган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып, Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан. (NT)