Бишкекте кыргыз-казак өкмөт башчылары жолугушат

Аскар Мамин.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бүгүн, 12-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Аскар Мамин баштаган делегациянын катышуусунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин сегизинчи жыйыны, эки тараптуу кеңейтилген жана чакан курамдагы сүйлөшүүлөр өтмөкчү.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, өндүрүш кооперациялары, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыктар талкууланат.

Ошондой эле соода, инвестиция, өнөр жай, транспорт, маданият, туризм жана билим берүү багытындагы кызматташуунун болочогу каралат. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюла турганы кабарланды. (NT)